Blog Image

КМУнун студенттери “ベンロン大会” (Бенрон Тайкай) аталышында чечендик өнөр сынагына катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун студенттери “ベンロン大会” (Бенрон Тайкай) аталышында чечендик өнөр сынагына катышты.

Иш-чара Кыргызстан эл аралык университетинде өтүп, катышуучулар эркин темада дилбаян жазып, аны баяндап беришти.

Катышуучулардын эмгектери калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгы боюнча КМУнун Японтаануу институтунун студенттери Аянат Акунова жана Айдана Султангазиева эки номинация боюнча (башталгыч жана улантуучу) жеңишке жетишти.

Бул иш-чаранын негизги максаты: студенттердин тилин жана чечендик өнөрүн өркүндөтүү.

Белгилей кетсек, “ベンロン大会” (Бенрон Тайкай) аталышында чечендик өнөр сынагы май айында Казакстанда өтөт.