Blog Image

КМУнун студенттери биоартүрдүүлүк багытындагы окуу-талаа практикасын ийгиликтүү аякташты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын студенттери 2024–2025-окуу жылындагы окуу-талаа практикасын ийгиликтүү аякташты.

Практика Чүй өрөөнүнүн ар кыл аймактарында өтүп, студенттер Чоң-Арык бөксө тоолоруна жана "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине экскурсия жасашты. Жай айларында Кашка-Суу капчыгайы, КР УИАнын флора лабораториясы, Дордой көлмөсү, Эркиндик бульвары, Кара-Жыгач багы жана Орловка капчыгайы сыяктуу жаратылыш аймактарында илимий-практикалык иштерин жүргүзүштү.

Практиканын жүрүшүндө студенттер гербарий жасоо ыкмаларын, уруктардын коллекцияларын түзүү жана нымдуу препараттарды даярдоо боюнча тажрыйба топтошуп, талаа изилдөө көндүмдөрүн үйрөнүштү.

Позвонить