Blog Image

КМУнун студенттери Бишкек шаардык №79 орто мектебинин окуучуларын убактылуу микропрепараттарды даярдоо эрежелери менен тааныштырышты

6-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын куратору, ага окутуучу Нурифер Ниязова жетектеген «ЭКО Муун» ийриминин мүчөлөрү КРнын Билим берүү жана илим министрлигин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борборуна барышты. Студенттер Керезбек кызы Жаздай,Турдалиева Айгерим жана Сагынбекова Нуркыз ыктыярчылык иштеринин алкагында Бишкек шаарындагы №79 жалпы билим берүүчү орто мектебинен 8-10-класстарынын окуучуларына кесипке багыт берүү максатында цитология илиминин негизги изилдөө методу болгон жарык микроскобу менен иштөө жана убактылуу микропрепараттарды даярдоо эрежелери менен тааныштырышты. Ошондой эле, өздөрү алып барган туруктуу микропрепараттарды көрсөтүштү. Окуучулар кызыккан суроолоруна жоопторун алды.