КМУнун студенттери Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесине барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун "Социалдык иш" багытынын 3-4-курсунун студенттери Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесине барышты. Студенттерди Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Г.А. Есенкулова жетектеп барган.
Иш-чаранын жүрүшүндө улгайган адамдардын жашоо шарттары менен таанышып, моралдык колдоо көрсөтүү жана гигиеналык процедураларды өткөрүү боюнча иштерди жасашты.
Бул иш-чара студенттердин социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алып баруу боюнча билимдерин тереңдетип, өз адистигинин алкагында практикалык көндүмдөрүн иштеп чыгууга шарт түздү.