КМУнун студенттери Бишкектеги “Аяр” реабилитациялык борборуна барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун "Социалдык иш" багытынын 3-4-курсунун студенттери Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн “Аяр” шаардык реабилитациялык борборуна барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Аяр” шаардык реабилитациялык борборунун директору Г.А. Аманкулова борбордун тарыхына кеңири токтолуп, максаты жана милдеттери боюнча маалымат берди.
Студенттерди Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Г.А.Есенкулова жетектеп барган.
Бул иш-чара коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган.