КМУнун студенттери Борбордук телеканалда өткөн практикасы ийгиликтүү аяктады
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн студенттери Азема Акберди кызы жана Раузат Жекшенбекова Борбордук телеканалда өткөн практикасын ийгиликтүү аяктады.
Практиканын жүрүшүндө студенттер бул адистиктин негизги принциптери жана кыйынчылыктары тууралуу маалымат алып, журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча жол-жоболорду үйрөнуп, материал даярдашкан.
Борбордук телеканалдын директору Элмирбек Нурбек уулу КМУнун студенттерине практикасын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды тапшырды.