Blog Image

КМУнун студенттери Бурана мунарасына барышты

15-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Орус филологиясы факультетинин студенттери Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө жайгашкан Бурана мунарасына барып келишти. Иш-чараны Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун “Стартап марафон 2023” марафонунун жеңүүчүлөрү "Тарых элестери" долбоорунун алкагында уюштурушкан. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Бурана мунарасы тууралуу кенен маалыматка ээ болушту.