КМУнун студенттери Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин студенттери Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө Кыргызстандагы туристтик жерлер, алардын тарыхый жана маданий баалуулуктары жана өнүктүрүү жолдору тууралуу маалыматтар берилди.
Экскурсиянын максаты: маданий мураска болгон кызыгууну арттыруу, архитектура жана дизайн тармагында практикалык билим алуу, изилдөөчүлүк жана байкоо көндүмдөрүн өнүктүрүү.