КМУнун студенттери Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттик “Билге” уюму Бурана тарыхый археологиялык комплексине барышты.
Студенттерди Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Кыргызстандын тарыхы жана этнология кафедрасынын ага окутуучусу Чыңгыз Амантур уулу жетектеп барган.
Экскурсиянын жүрүшүндө Бурана тарыхый археологиялык комплекси жана андагы тарыхый мурастар тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чара тарых адистигинде окуган студенттердин билимин практика жүзүндө бекемдөөгө багытталган.