Blog Image

КМУнун студенттери Бурана тарыхый-архитектуралык эстелигине барышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери маданий-агартуу программасынын алкагында Бурана тарыхый-архитектуралык эстелигине барышты. Кыдыруунун жүрүшүндө студенттер Бурана мунарасы Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деңгээлде өнүккөндүгүнүн далили экенине күбө болушту. Бурананын айланасында курулуштун калдыктары, чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагын шаары өкүм сүргөндүгүн ырастап, XIII–XIVкылымдарда шаар өзүнүн жашоосун токтотконун, ал эми 1971–1976-жылдары Бурана оңдолуп, калыбына келтирилгени тууралуу маалымат алышты.

Ачык асман алдындагы музейден балбал таштар, алардын сырлары, таштарга чегилген жазуулар боюнча кызыктуу пикир алышуулар, талкуулар жүргүзүлдү.

Иш-чара Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.