Blog Image

КМУнун студенттери «CAT WALK 2025» аталышындагы сүрөт тартуу сынагында жеңүүчү деп табылды

Бүгүн, 20-февраль күнү, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Сауд Арабиянын негизделген күнүнө арналган иш-чара өттү. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради Аль Ради жана Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 6 студенти Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы Элчилиги уюштурган «CAT WALK 2025» аталышындагы сүрөт тартуу сынагында жеңүүчү деп табылып, элчилик тарабынан сыйлыктарга ээ болду. Алар, Искусство жана дизайн факультетинин студенти Жаңыл Муратбек кызы, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери Чолпон Руслан кызы, Гүлназ Курманбекова, Турсунай Исаева, Физика-математика факультетинин студенти Айжамал Ракымбек кызы жана Табигый илимдер жана туризм институтунун студенти Маъмура Якубова.