Blog Image

КМУнун студенттери экологиялык олимпиадага катышып, алдыңкы орундарга ээ болушту

31-октябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун 2-3-курсунун студенттери жогорку окуу жайлар арасында өткөн экологиялык олимпиадага катышып келишти. Олимпиада Кыргызстандын Орхус Борбору, ЖОЖдордун жетекчилиги жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган. Иш-чаранын негизги максаты экология жана айлана-чөйрө жаатында кесиптик багыттарды калыптандыруу, университеттердин эң таланттуу студенттерин аныктоо, экологиялык маданиятты жана экологиялык жактан таза жүрүм-турумду өнүктүрүү болуп саналат. Олимпиаданын жыйынтыгында биздин студенттерибиз алдыңкы орундарга ээ болушту;

1-орун Эмилова Айгерим БХк-11-22 тайпасынан, жетекчиси Ниязова Н.Д.

2-орун Муктарбек кызы Бактыгүл БХк-11-22 тайпасынан, жетекчиси Ниязова Н.Д.

2-орун Аскатбек кызы Адинай Б-1-21 тайпасынан, жетекчиси Боогачиева А.К.

2-орун Койчуманова Айназик Б-1-22 тайпасынан, жетекчиси Казакова Н.О.

3-орун Жеңишбек кызы Динара БХк-11-22 тайпасынан, жетекчиси Ниязова Н.Д.