КМУнун студенттери эл аралык жаш окумуштуулар жана студенттердин илимий-практикалык конференциясына катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент институтунун студенттери ХI эл аралык жаш окумуштуулар жана студенттердин "Бухгалтердик эсепти жана аудитти өнүктүрүүнүн заманбап чакырыктары жана келечеги: актуалдуу көйгөйлөр жана чечимдер" аталышында илимий-практикалык конференциясына катышты.
Иш-чара М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун базасында өтүп, ага С.Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык изилдөө университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жаш окумуштуулары жана студенттери катышты.
Конференциянын максаты: студенттердин илимий-изилдөө иштерин активдештирүү, кызматташтыкты кеңейтүү жана илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын алмашуу.
Конференцияда маалыматтык технологияларды өнүктүрүү шартында бухгалтердик эсептин жана аудиттин санариптик трансформациясынын заманбап тенденциялары жана келечеги талкууланды.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча КМУнун 2-курсунун студенттери Токтогулова Айдина - "Санариптик экономикадагы алдамчылыктын жаңы формалары жана чакырыктар" баяндамасы менен (жетекчиси Ж. Ж. Амеркулова), Бакытбек кызы Телегей - "Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү бухгалтердик эсеп жана аудиттин ролу" баяндамасы менен (жетекчиси Ш.А. Халилова) 2 даражадагы диплом менен сыйланышты.
2-курстун студенти Мунира Абыталиева университеттин илимий журналында "Экономикалык коопсуздук жана корпоративдик башкаруу ортосундагы байланыш" илимий макаласын жарыялоого мүмкүнчүлүк алды.
Бул жетишкендиктер студенттердин илимий ишин улантууга жана тандалган чөйрөдө өнүгүүгө каалоосун жаратат.



