КМУнун студенттери эне тилиндеги жана орус тилдериндеги ырлары менен мыкты окурмандар деп табылды
22-февраль күнү Россия мамлекеттик гуманитардык университети тарабынан уюштурулган «Эл аралык эне тил күнү” аталышында онлайн поэзия фестивалы болуп өттү. Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун орус филология факультетинин студенттери Бөрүбек уулу Самаган, Насиба Ниязбекова, Сезимкан Мансурбаева, Абдумалик кызы Толгонай жана МТМИнин окутуучулары Назгүл Сегизбаева, Гүлмира Тагаева, Назира Абдыгазиева жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Хадича Шамбеталиева катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында, орус филология факультетинин студенттери өздөрүнүн эне тилинде жана орус тилдериндеги ырлары менен мыкты окурмандар деп табылды.