Blog Image

КМУнун студенттери “Эрика” пансионатындагы карылар менен жолугушту

Бүгүн 1-октябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун 3-курсунун студенттери Карылар күнүнө карата “Эрика” пансионатындагы кары адамдар менен жолугушуп, алар менен баарлашуу өткөрүштү. Карылар студенттердин күтүүсүз келгенине кубанып, алардын келиши көптөн бери сырт дүйнө менен байланышы үзүлгөндөй туюлган жашоосуна жарык түшүргөнүн белгилешти. Карыялар студенттерге баталарын берип, баарлашууга келип турууга чакырышты. Студенттер азык-түлүктөрдү таратып, пансионаттын аймагында тазалоо иштерин да жүргүзүштү.