КМУнун студенттери “Федя” кино тасмасынын премьерасына катышты
Бүгүн, 19-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөн “Федя” кино тасмасынын премьерасына катышты.
Тасмада белгилүү советтик жана орусиялык футболчулардын бири, Федор Черенковдун өмүр баяны чагылдырылган. Федор Черенков – советтик жана орусиялык футболдун легендасы, ал ар дайым өзүнүн кадыр-баркын сактап, бардык кыйынчылыктарга жана сындарга карабай өз жолу менен барган инсан болуп эсептелет. Тасма анын өмүр таржымалын, жашоосун жана күрөшүн маанилүү учурлары көрсөтүлгөн.