КМУнун студенттери “Физхимик - 2025” эл аралык олимпиадасында жеңишке жетти
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери Бүүкатыча Абдибалиева, Фатима Токтобекова, Айтолкун Темирбек кызы жана Гүлмай Жуманова профессор Х. К. Оспанов атындагы “Физхимик-2025” эл аралык олимпиадасына катышты.
“Физхимик - 2025” эл аралык олимпиадасында КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун студенти Гүлмай Жуманова үчүнчү орунга ээ болуп, III даражадагы диплом жана 50000 теӊге сертификаты менен сыйланды. Ал эми Бүүкатыча Абдибалиева, Фатима Токтобекова жана Айтолкун Темирбек кызы сертификаттарга ээ болушту.
Иш-чара Казакстандын Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети тарабынан уюштурулуп, Казакстан, Өзбекстан, Россиядан келген студенттер катышты.