Blog Image

КМУнун студенттери Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейине барышты

23-октябрь күнү Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу ЭлмираТентиева 1-3-курстун студенттери менен Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде экскурсияда болушту. Студенттер музейдин тарыхы, ишмердүүлүгү, бөлүмдөрү жана экспозиция залдары менен таанышып чыгышты.

С. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков, В. Образцов, А. Игнатьев, О. Мануйлова, Л. Ильина, А. Михалёв, Т. Садыков, Ж. Үмөтов, С. Ишенов ж. б. белгилүү сүрөтчүлөр жана бедизчилердин эмгектери менен таанышып, алардын кыргыз искусствосундагы орду жөнүндө музей кызматкерлери менен ой бөлүшүштү.

Экскурсиянын негизги максаты – студенттерди кыргыз искусствосу менен жакындан тааныштыруу, аларга рухий колдоо көрсөтүү болуп саналат.