КМУнун студенттери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине экскурсияга барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институтунун эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн студенттери «Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл» тематикалык сабагынын алкагында Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине экскурсияга барышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө музейдин кызматкерлери кыргыз искусствосунун бай тарыхын чагылдырган маалыматтар менен бөлүштү.
Студенттер живопись, скульптура жана кол өнөрчүлүк боюнча уникалдуу экспонаттар менен таанышып, кыргыз авторлорунун чыгармачылыктары тууралуу маалымат алышты.