КМУнун студенттери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине экскурсияга барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери «Тарых» жумалыгынын алкагында Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине экскурсияга барышты.
Иш-чара «Тарых» жумалыгынын алкагында уюштурулуп, студенттерди доцент Бермет Бакеева жетектеп барган.
Экскурсиянын жүрүшүндө, студенттер музейдин экспонаттары менен таанышып, совет мезгилиндеги атактуу сүрөтчүлөр Г.Айтиев, С.Чуйков, С. Акылбеков, А. Асранкулов, Т. Герцен, Б. Жумабаев, А. Игнатьев, Л. Ильина, О. Мануйлова, Л. Месарош, А. Михалев, Т. Садыков, Ф. Стукошин, Д. Уметов жана башкалардын эмгектери тууралуу маалымат алышты.
Иш-чара студенттердин тарых жана искусство жаатындагы билимдерин кеңейтүүгө шарт түздү.