Blog Image

КМУнун студенттери И.Кант атындагы БФУда билим алышууда

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинин студенттери Самира Тохтибакиева, Татьяна Бондаренко академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Калининград шаарындагы И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинде билим алышууда.

Академиялык мобилдүүлүк программасынын максаты: тажрыйба алмашуу, билим сапатын жогорулатуу жана Россиядагы эл аралык университеттер менен өз ара кызматташууну кеңейтүү.

Бул программа студенттерге орус тилин терең үйрөнүүгө жана орус маданиятына жакындан таанышууга жардам берет. Ошондой эле, ал студенттердин эл аралык деңгээлде билим алышына, өз алдынча иштешүүгө жана глобалдуу мейкиндигинде натыйжалуу иш алып барууга чоң өбөлгө түзөт.