Blog Image

КМУнун студенттери III Бүткүл россиялык дистанттык студенттердин олимпиадасында III орунга ээ болушту

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун «Мурас» командасы ү.ж. 3-марттан 4-апрелге чейин өткөн «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш: биз эстейбиз, урматтайбыз жана сыймыктанабыз!» аталышындагы III Бүткүл россиялык дистанттык студенттердин олимпиадасына катышып, III орунга ээ болушту.

Олимпиадада презентация; теориялык; практикалык; аналитикалык багыттары боюнча өткөрүлгөн.

Бул ийгилик студенттердин тарыхый билимдерин тереңдетүүгө жана патриоттук сезимдерин күчөтүүгө өбөлгө түзөт.