КМУнун студенттери ИИМде өткөн “Ачык эшиктер күнүнө” катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рита Сапарбекова, кураторлор Жыргалбүбү Сабырбек кызы, Гүлнура Карыбекова, Кылымбек Кенжеев, Айдана Токтобекова жана 1-2 курстарынын студенттери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде өткөн “Ачык эшиктер күнүнө” катышты.
Иш-чара республикалык «Зомбулуксуз 16 күн» акциясынын алкагында өткөрүлүп, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Иш-чарада студенттер ИИМдин кызматкерлери колдонгон ретро унааларды жана заманбап транспорт каражаттарын жакындан көрүштү. Ошондой эле, Оперативдүү аракеттенүү борборунун негизги функциялары, чалууларды кабыл алуу жана коомдук тартипти камсыздоо процесстери тууралуу маалымат алышты.
Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө генерал-майор Октябрь Урмамбетов студенттерди милициянын иши менен жакындан тааныштырып, мындай иш-чаралар жаштардын укуктук маданиятын калыптандыруудагы жана аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине шыктандыруудагы маанилүүлүгүн баса белгиледи.
ИИМде өткөн бул иш-чара жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мыйзамды сыйлоону жайылтууга жана укук коргоо органдары менен ишенимди бекемдөөгө багытталган.