КМУнун студенттери "Информатика жана маалыматтык технологиялар" темасындагы Билгичтер турниринде I орунга ээ болду
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун I курсунун студенттери Ж.Баласагын атындагы КУУ уюштурган ЖОЖдор арасындагы "Информатика жана маалыматтык технологиялар" темасындагы Билгичтер турнирине катышты. Жалпы 8 команданын ичинен өзгөлөрдөн озуп чыгып, I орунду багындырган КМУнун студенттери өзүлөрүнүн билимин, аракетин жана команда менен иштеше билгендигин далилдешти. Мындай жетишкендикке жетүүдө студенттерге колдонмо информатика кафедрасынын ага окутуучусу Жылдыз Барганалиева жетекчилик кылган.