КМУнун студенттери Инновациялык Борборго экскурсияга барышты
Бүгүн, 19-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун студенттери «Инновациялык борбор» Мамлекеттик мекемесине экскурсияга барышты. Экскурсиянын алкагында студенттер борбордун жеке китепканасы, лабораториялары, конференц-залдары жана жаштар үчүн иштөөчү жерлери менен таанышты. Ошондой эле, студенттер стартап долбоорлорду колдоо иштери тууралуу да маалымат алышты. Андан тышкары, стартаптар айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы бизнес-идеяларды колдоп, ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Экскурсия студенттер үчүн өтө пайдалуу болуп, жаңы жана маанилүү маалыматтарды алышты.