Blog Image

КМУнун студенттери iOS жана Аndroid тиркемелерине мобилдик колдонмо иштеп чыгуу боюнча мастер-класска катышты

18-ноябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институнун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгул Сейтказиева, окутуучусу Айзат Казыбекова жана ПОВ-11-22, ПИ-11-22, ПОВ-121 тайпасынын студенттери менен биргеликте Сodify Аcademy тарабынан уюштурулган iOS жана Аndroid тиркемелерине мобилдик колдонмо иштеп чыгуу боюнча мастер-класска катышып келишти. Анда мобилдик тиркеме иштеп чыгуунун жол-жоболору айтылып, кайсы китептерди колдонуу керектиги тууралуу маалыматтар берилди.