Blog Image

КМУнун студенттери “Из” аталышындагы мода көргөзмөсүнө катышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин искусство жана дизайн факультетинин костюм жана текстиль технологиялары кафедрасынын окутуучулары жана студенттери дизайнер Залкар Аскаралинин “Из” аталышындагы мода көргөзмөсүнө катышты. Мода көргөзмөдө үч негизги коллекция тартууланды:

• “Из” (След) — Залкар Аскаралинин автордук коллекциясы,

• “Түн” (Сумерки) — дизайнер Бекназ Алмазбеков менен биргеликте түзүлгөн коллекция,

• “Жарыкты издөө” (В поисках света) — дизайнер Ирина Ильюшенко менен коллаборациядагы коллекция.

Мода көргөзмө Бишкек шаарындагы “Novotel” мейманканасында өтүп, “Ордо сахна” фольклордук-этнографиялык театрынын жана ырчы Зере Асылбектин аткаруусундагы музыкалык номерлер менен коштолду.