Blog Image

КМУнун студенттери К. Карасаев атындагы БМУда өткөн "Кытай жаңы жылы" аталышындагы иш-чарага катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Асылкан Жаныбекованын жетекчилигинде 1-курстун студенттери К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өткөн "Кытай жаңы жылы" аталышындагы иш-чарага катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар жана студенттер майрамдын мааниси, каада-салттары жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Бул иш-чара студенттердин маданий багыттагы билимин кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн маданияттарына болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.