КМУнун студенттери “Көркөм айтуу” сынагына катышты
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери кытай тилин окуган студенттер арасында өткөн “Көркөм айтуу” сынагына катышты.
Сынак К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өтүп, студенттер кытай тилинде сүйлөө чеберчиликтерин жана таланттарын көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгында КМУнун Ш. Кадыров атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун 3-курсунун студенти Нурдан Кабылбеков III орунду ээледи. Ошондой эле, 1-курсунун студенттери Салия Жумабаева жана Амина Келботоева активдүү катышкандыгы үчүн сыйланышты.