КМУнун студенттери “Карьерада жана бизнесте бийиктикке жетүү стратегиясы” аттуу китеп клубуна катышып келишти
7-декабрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери, Японтаануу институнунун бүтүрүүчүсү “Карьерада жана бизнесте бийиктикке жетүү стратегиясы” деген темада өткөн китеп клубуна катышып келишти. Иш-чара “Инновациялык борбор” Мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулду. Аталган китеп клубунун коногу Кыргыз Республикасынын альпинизм жана аскага чыгуу Федерациясынын Президенти, Индонезия Республикасынын ардактуу консулу, дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган биринчи кыргыз жараны, коомдук ишмер, III даражадагы “Манас” орденин ээси Эдуард Кубатов болду. Ал өзүнүн баскан жолу, ийгиликке кантип жетишкенин, Эверест чокусуна чыгуудагы кыйынчылыктары, бала кезин, ата-эне тарбиясына кенен токтолуп, расмий тилде жарык көргөн “Мой Эверест” деген китеби тууралуу айтып берди.