КМУнун студенттери кайрымдуулук иш-чара өткөрүштү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын окутуучулары Тунгатарова Н.К. жана Тентиева Э.Б., студенттер менен биргеликте Бишкек шаарындагы «Үмүт үйү» карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык мекемесинде кайрымдуулук иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты: улгайган жарандарга көңүл буруу, колдоо көрсөтүү, ошондой эле болочок педагогдордун боорукерлик, гуманизм жана социалдык жоопкерчилик сапаттарын калыптандыруу.