Blog Image

КМУнун студенттери Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинде билим алышууда

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери Фериде Азаматова, Анара Каниметова, Керемет Мелисова жана Айназик Маматова 2024-2025-окуу жылында жазгы семестрде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинде (КУКПУ) билим алышууда.

Ошондой эле, КУКПУнун филология факультетинин студенттери Динара Бекболатова, Аяулым Джаңабай, Айдина Ардахан жана Нурбану Турган И. Арабаев атындагы КМУда билим алып жатышат.

Университеттердин ортосундагы эл аралык кызматташтык студенттерге жаңы тажрыйбаларды алууга, билимдерин кеңейтүүгө, достук алакаларын түзүүгө жана эл аралык мамилелерди чыңдоого зор мүмкүнчүлүк түзөт. Бул академиялык мобилдүүлүк программасы эки университеттин ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана жалпы билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган.