Blog Image

КМУнун студенттери «Клооп» редакциясынын 10 күндүк медиамектебине катышат

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн студенттери «Клооп» редакциясы тарабынан уюштурулган 10 күндүк медиамектепке катышат. Анда студенттер журналистиканын негиздерин, сайт менен соцтүйүндөргө сүрөт жана видеоконтент даярдаганды, фактчекингдин баштапкы ыкмаларын үйрөнүшөт.