Blog Image

КМУнун студенттери Кореяда өткөн корей тилинин чечендик өнөрү боюнча эл аралык фестивалында байгелүү орундарга ээ болушту

И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун корей тили бөлүмүнүн 3-курсунун студентери Кореяда өткөн Global Culture Festival эл аралык фестивалында корей тилинин чечендик өнөрү боюнча сынагында байгелүү биринчи 3 орунду тең ээлеп алды.

Алар, Корея Республикасында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Тегу шаарындагы Кёнунг университетинде билим алып жаткан студенттер Айдай Исаева – 1-орун, Адеми Ыбыралиева – 2-орун жана Адина Мейманкулова менен Рустам Көчөрбаев – 3-орунду жеңип алышты.

Аталган эл аралык фестивалда Кыргызстан, Өзбекстан жана Монголиядан барган студенттер катышкан.

Сыйлык ээлерин куттуктайбыз жана аларга бекем ден соолук, окууларында ийгиликтерди каалайбыз!