КМУнун студенттери КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун “Социалдык иш” багытынын 3-курсунун студенттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзүмү, жаза аткаруу мыйзамдары, принциптери, соттолгондорду түзөтүү, кайра социалдаштыруу боюнча маалыматтар берилди.
Иш-чара И. Арабаев атындагы КМУнун жумуш ордунда окутуу боюнча иш мерчеминин негизинде уюштурулуп, Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасынын ага окутуучусу Гүлмира Есенкулова жетектеп барган.
Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИ тарабынан уюштурулду.