Blog Image

КМУнун студенттери КРнын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты.

Экскурсиянын алкагында КР Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева менен жолугушуп, ийгилик сырлары, убакытты туура пайдалануу жолдору жана адам баласынын жашоосун өзгөрткөн китептер тууралуу маалымат алышты.

Ошондой эле, студенттер КР ЖК жыйындар залын, депутаттардын иш бөлмөсүн жана КР Жогорку Кеңешинин музейин көрүп чыгышты.

Студенттерди Педагогика жана психология институтунун директорунун орун басары К.Б.Арыпбекова жетектеп барды.