Blog Image

КМУнун студенттери КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушту

20-февраль күнү И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Марлен Маматалиев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту. Эл өкүлдөрүн КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева тосуп алып, ыраазчылык билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорунун презентациясы болду. Депутаттар менен болгон маектешүү эркин суроо жооптор менен коштолуп, студенттер кызыккан маалматтарга ээ болушту.