Blog Image

КМУнун студенттери «Кыргызстан жана Чыгыш өлкөлөрү ХХI кылымдагы эл аралык мамилелердин жана геосаясаттын алкагында» аталышындагы конференцияга катышты

4-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери «Кыргызстан жана Чыгыш өлкөлөрү ХХI кылымдагы эл аралык мамилелердин жана геосаясаттын алкагында» аталышындагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик конференцияга катышты. Иш-чара Кыргызстан эл аралык университетинде өтүп, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери Элеонора Арзыбекова “Маданий дипломатия (Корея Республикасынын мисалында)”, Айгерим Мурзабекова “Кыргыз Республикасы менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы эл аралык байланыштар”, Самира Эсенбекова “Бир алкак-бир жол” долбоору жана анын дүйнөлүк саясатка тийгизген таасири” аталышында баяндама жасады.

Конференциянын жыйынтыгында КМУнун студенти Самира Эсенбекова 3-орунду ээлеп, диплом менен сыйланды. Студенттерди тарых илимдеринин кандидаты Динара Молдокулова жетектеп барган.