Blog Image

КМУнун студенттери “Кыргызстандагы социалдык иш: көйгөйлөр жана келечек” аталышындагы илимий конференцияга катышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун “Жалпы тарых жана СЭУБ” кафедрасынын “Социалдык иш” багытында окуп жаткан 3-4-курстун студенттери Айзирек Жаныбекова жана Мээрим Оморбекова Ж.Баласагын атындагы КУУда 19-октябрь социалдык кызматкерлердин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо кызматкерлеринин жана профсоюздарынын майрамына арналган “Кыргызстандагы социалдык иш: көйгөйлөр жана келечек” аталышындагы илимий конференциясына катышып келишти. Анда Мээрим Оморбекова “Тобокел топтогу  балдар менен социалдык иш алып баруу” деген темада макала даярдаса, Айзирек Жаныбекова “Социалдык кызматкерлер тарабынан кызмат көрсөтүүдөгү социалдык көйгөйлөр” аталышындагы макаласын окуду. Жыйынтыгында, алар иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн сертификатка ээ болушту.