Blog Image

КМУнун студенттери “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” аталышында иш-чарага катышты

Бүгүн, 9-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери борбордук эски аянтта өткөн “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” аталышында иш-чарага катышты.

Иш-чара Бишкек шаардык мэриясынын демилгеси менен өтүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү” деп жарыялаган атайын бир айлыктын алкагындагы иш-чаралардын жыйынтыгы болуп саналат. Иш-чаранын негизги максаты: кырсыктардын алдын алуу жана тобокелдиктерди азайтууга багытталган иш-чараларды жыйынтыктоо жана алардын натыйжаларын коомчулукка жеткирүү болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай багыттагы практикалык машыгуулар, коопсуздук эрежелери боюнча маалыматтар, өзгөчө кырдаалдар учурунда колдонулуучу жаңы технологиялар жана техникалар көрсөтүлдү. И.Арабаев атындагы КМУнун 50гө жакын студенти иш-чарага ыктыярчы катары катышып, уюштуруучуларга көмөк көрсөтүп, кырсыктарга каршы даярдыктар боюнча билимдерин жогорулатышты. Ошондой эле, кырсык учурунда колдонулуучу биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүштү.