Blog Image

КМУнун студенттери кырсыктардын тобокелдигин азайтууга арналган иш-чарага катышып келишти

Бүгүн Борбор калаанын Т. Усубалиев атындагы эски аянтында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы "5-октябрь Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата жарыяланган бир айлыктын жыйынтыктоочу салтанатуу  иш-чарасын өткөрдү. Ага И.Арабаев атындагы КМУнун техникалык коопсуздук эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Бердибек Абдылдаев университеттин 1-курсунун 100 студенти менен активдүү катышты. Иш-чара ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы, Куткаруу кызматы жана Бишкек шаарынын жарандык коргонуу кызматтарынын, мектеп окуучуларынын, БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана КМУнун студенттеринин катышуусундагы жүрүш менен башталып, сценарийдин негизиндеги куткаруу, өрт өчүрүү   иш аракети практикалык негизде  көрсөтүлдү.