Blog Image

КМУнун студенттери Кытай менен кызматташтык жыйынына катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери Кытай Элчилиги жана Конфуций институту тарабынан уюштурулган “Кытай (Шандунь) – Кыргызстан: кино-телекөрсөтүү жана фармацевтика өнөр жайы боюнча кызматташуу жана алмашуу” аталышындагы жыйынга катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы маданий, билим берүү, фармацевтика жана медиа тармактарындагы кызматташтык тууралуу кеңири маалымат алышты.

Мындай жыйындар студенттердин дүйнөлүк процесстерге болгон түшүнүгүн тереңдетип, эл аралык байланыштардын ролун баалоого шарт түзөт.

Позвонить