Blog Image

КМУнун студенттери “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу республикалык жаштар форумуна катышты

Бишкекте Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу республикалык жаштар форуму өттү. Ага Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери Данияр Бекишов, Абдулла Абдысаматов, Нуриза Раимбекова, Жасмин Мукамбет кызы, Жылдыз Бахтияр кызы, Диас Азатов катышып келишти. Форумга жалпысынан 7 облусунан 2500ге жакын катышычуу чакырылган.