КМУнун студенттери “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборуна барышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборуна кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн концерттик программа көрсөтүлүп, оюн-зоок уюштурулду. Ошондой эле, балдарга белектер таратылды.
Иш-чара Экономика жана менеджмент институту тарабынан уюштурулду.