Blog Image

КМУнун студенттери “Үмүт үйү” карылар үйүнө барышты

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн студенттери Бишкектеги «Үмүт үйү» карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык мекемесинде ишембилик өткөрүштү. Ишембиликке Журналистика бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери катышты. Иш-чаранын максаты аймактарды өз ыктыяры менен тазалоо, өсүп келе жаткан муундарды адеп-ахлактыкка тарбиялоо жана улууларды сыйлап, аларга кам көрүү. Ошондой эле, жаштарды эмгекке тарбиялоо болуп саналат.