Blog Image

КМУнун студенттери “Маалымат жанрларынын драматургиясы” аталышындагы тренингге катышты

12-июль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Журналистика бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова жана студенттери: Гүлнура Салиева, Милана Белин кызы, Айдана Ырысбек кызы “Маалымат жанрларынын драматургиясы” аталышындагы тренингге катышты. Тренинг УТРКнын медиа коммуникациялар боюнча окуу борборунун имаратында өтүп, анда тренерлер Марс Тулегенов жана Элима Жапарова болду. Иш-чара “Интерньюстун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурган. Тренингдин максаты - жаңы көндүмдөрдү алуу жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү. Иш-чаранын алкагында катышуучуларга атайын репортаждарды кантип даярдоо керектиги тууралуу маалыматтар берилди. Иш-чаранын жыйнтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.