Blog Image

КМУнун студенттери "Мамлекеттүүлүктүн башатында" даректүү тасманын бет ачарына барып келди

И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын студенттери куратору, тарых илимдеринин кандидаты Д.Молдокулова менен бирдикте мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөөчүлөрүнүн бири Абдыкерим Сыдыков тууралуу тартылган "Мамлекеттүүлүктүн башатында" даректүү тасманын бет ачарына барып келди. Аталган фильм Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган. Ар бир студент өз элинин тарыхын мыкты билүүсү зарыл. "Мамлекеттүүлүктүн башатында"  аттуу даректүү тасма студенттер үчүн мыкты таасир калтырды.