Blog Image

КМУнун студенттери “Мамлекеттик тил-улуттун тагдыры” аталышындагы студенттик V олимпиадага катышты

12-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн “Мамлекеттик тил-улуттун тагдыры” аталышындагы студенттик V олимпиадага катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында Экономика жана менеджмент институтунун студенти Анаят Марьям 2 номинация боюнча 3-орунду ээлеп, III даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ага жетекчилик кылган Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу Таңсыгай Акматова Ардак грамота менен сыйланды.