КМУнун студенттери “Манас таануу” таймашына катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы жана Манас театры тарабынан уюштурулган “Манас таануу” таймашына катышты. Иш-чара К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өтүп, таймаштын жыйынтыгында КМУнун студенттери II орунду ээледи.
Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасынын башчысы Талант Рысбаевге ыраазычылык баракча берилди. Бул иш-чара студенттердин “Манас” эпосу боюнча билимдерин тереңдетип, кыргыз элинин маданий мурастарын даңазалоого шарт түздү.