Blog Image

КМУнун студенттери Меңди Мамазаированын адабий кечесине катышып келишти

21-ноябрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл акыны,  жазуучу, драматург, мамлекеттик “Даңк” медалынын ээси Меңди Мамазаированын адабий кечеси өттү. Ага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директорунун милдетин аткаруучу Аида Эгембердиева менен студенттери да катышты. Адабий кечеде акындын басып өткөн жолу, чыгармачылыгы, ал тургай үй-бүлөлүк жашоосу дагы  балдарга, келечек муунга өрнөктүгү баса белгиленди. Ушул 80 жылдык өмүрүндө “Нөшөр” (1975), “Саламатсыңбы, Күн!” (1979), “Жайдын эң ысык күнү” (1980), “Туулуп өскөн үй” (1983), “Ак канаттуу чабалекей” (1985), “Наристеге арналган хризантема” (1987), “Турумтай” (1988), “Аппак аял айдай кыз” (1992), “Кымгуут түшкөн бир кечте” (1993), “Кайгыдан тургуздум сага бир эстелик” (2000), “Турумтай” (2004), “Энелер үнү” (2007), “Таарынган шаар” аттуу ондогон аңгеме, повесть, драма жыйнактары, романдары жарык көргөн,  драмалары театрларда коюлган. 2019-жылы чыккан “Аймаран” романы окурман журтчулугу тарабынан жылуу кабыл алынган.